Кыргызстандын 8 жараны Самара — Оренбург унаа жолунда кырсыкка кабылды

Кыргызстандын 8 жараны Самара — Оренбург унаа жолунда кырсыкка кабылды. Кырсык кечээ М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болду. Анда үч унаа кагышкан. Полициянын маалыматы боюнча, биринчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, минивэн менен кагышкан. Окуянын кесепетинен экинчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жеңил унаадагы… Кененирээк…

Нарын облусунун трассаларында муз тоңду

Нарын облусунун трассаларында муз тоңду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кеп Кубакы, Кызарт, Долон жана Кызыл-Бел ашуулары аркылуу өтүүчү жолдор тууралуу болуп жатат.   Жол кызматтары инерттүү материалдарды сээп жатат, бирок ошого карабай, айдоочуларга этият болуу жана ылдамдыкты жогорулатпоо сунушталат.

Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот

Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот. Тайгак трассаларда кырсыктарды алдын алуу максатында жол инспекторлору айдоочуларга коопсуздук чараларын эскертет. Биринчиден, ылдамдыкты жогорулатпай, акырын жүрүү керек.   Экинчиден, дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу кажет. Ал эми кайрылыштарда кооптуу аракеттерди жасабай, жол эрежелерин сактоо сунушталат.

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн укук коргоочулары чогуу кайтарып жатышат

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн укук коргоочулары чогуу кайтарып жатышат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти. Мындай иш кечээ кечинде башталды. Милициянын маалыматына ылайык, учурда кырдаал туруктуу. Эске салсак, кечээ түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткен районунун… Кененирээк…

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай режим кечээ киргизилип,  2-январга чейин созулат.   Бул Жаңы жылда жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган чара. Жалпысынан, республика боюнча 10 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Анын 2 миңи Бишкекке… Кененирээк…

Майрам күндөрү милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштешет

Майрам күндөрү милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштешет. Кыргызстанда милиция органдары Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мындай тартип 1-январга чейин уланат. Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылат. Ал эми ордо калаада 2… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массасы Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш трассаларында түшүшү мүмкүн.   Аталган багыттарда сапарга чыккан айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык,  Жаңы жыл майрамында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин “Шумкар” атайын отрядынын, ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызматка тартылат.   Шаар бир нече… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун аймагына 19 пост коюлду

Ысык-Көл облусунун аймагына 19 пост коюлду. Буул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, күзөтчүлөр бүгүндөн тарта 10-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет. Ар бир постто экиден кызматкер нөөмөттө турушат. Башкармалыктан белгилешкендей, учурда майрамга карата “Рулду башкаруу” аттуу рейд жүрүүдө.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ушул жылдын 4-мартынан бери 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол эрежелерди бузуу боюнча айыптар төлөнүп, ал 572 жарым миллион сомду түздү. Учурда “Коопсуз шаар” камералары орнотулган жерлерде жол… Кененирээк…