Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык,  Жаңы жыл майрамында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин “Шумкар” атайын отрядынын, ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызматка тартылат.   Шаар бир нече… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун аймагына 19 пост коюлду

Ысык-Көл облусунун аймагына 19 пост коюлду. Буул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, күзөтчүлөр бүгүндөн тарта 10-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет. Ар бир постто экиден кызматкер нөөмөттө турушат. Башкармалыктан белгилешкендей, учурда майрамга карата “Рулду башкаруу” аттуу рейд жүрүүдө.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ушул жылдын 4-мартынан бери 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол эрежелерди бузуу боюнча айыптар төлөнүп, ал 572 жарым миллион сомду түздү. Учурда “Коопсуз шаар” камералары орнотулган жерлерде жол… Кененирээк…

Бишкекте Өрт сыноо лабораториясы ачылды

Бишкекте Өрт сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда. лабораторияда заттардын жана материалдардын күйүүчүлүк тобу аныкталып жана алардан чыккан уулуу заттардын көрсөткүчү билинет. Ошондой эле тилсиз жоого себепкер заттардын классификациясы аныкталат. Өрт сыноо лабораториясын түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…

Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат

Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат. Өрт коопсуздугу башкармалыгынан билдиришкендей, пиротехникалык заттарды сатып алууда сапаттуулук сертификатын текшерүү зарыл.   Коопсуздук максатында, салют, фейерверктерди үй, бак-дарактар жана электр өткөрүү зымдарынан алысыраак жардыруу керек. Эн башкысы, аларды балдарга берүүгө болбойт. Петардалардан жарааттар болгондо тез арада дарыгерге… Кененирээк…

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин 5 миңден ашык кызматкери камсыздайт.   Маанилүү объектилер, эл көп топтолгон жерлер, ооруканалар, окуу жайлар жана социалдык мекемелер өзгөчө коргоого алынат.

Москва районундагы мектепте балаты майрамы учурунда шыптын бөлүгү урап түштү

Москва районундагы мектепте балаты майрамы учурунда шыптын бөлүгү урап түштү. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан novosti.kg ге билдиришкендей, өзгөчө кырдаал Александровкадагы тектептин спорт залында болду. Бактыга жараша, жабыр тарткандар жок. Аталган факт маалымат журналына киргизилди. Милициядан тышкары, мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери дагы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.… Кененирээк…

Куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешет

  Куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешет. Жаңы жылдык майрамдарга карата өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 миңден ашык кызматкери коопсуздукту камсыздашат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Өзгөчө көнүл калк көп жайгашкан объектилерге, адамдар массалык түрдө жайгашкан жерлерге, бейтапканаларга, билим берүү мекемелерине жана социалдык маанидеги жерлерге бөлүнөт.

Мамлекеттик чек араны коргоо күчөтүлүүдө

Мамлекеттик чек араны коргоо күчөтүлүүдө. Быйыл 11 чек ара түйүнү калыбына келтирилди. Бул тууралуу ушул мүнөттөрдө Ала-Арча резиденциясында өтүп жаткан жыл жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Өлкө башчы белгилегендей, Россия тарабынан аскерий-техникалык колдоо көрсөтүүсү дагы чек-араны коргоо ишине жакшы мүмкүнчүлүк берет. Кошумчаласак, Россия кыргызстандын куралдуу… Кененирээк…

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Оштун Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 1996-жылкы тургуну калып калган. Куткаруучулар сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүштү. Каза тапкан жарандын денеси түндө табылып,… Кененирээк…