Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүндө медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүндө медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, адистер эпидемиологиялык абалы курч болгон мамлекеттерден келгендердин бардыгын текшерип жатат.   Кытайдын жарандары карантин өтүүчү атайын обсерваториялык жайларга жайгаштырылууда.   Ошол эле Кытайдан келген кыргызстандыктар дагы санитардык-карантиндик түйүндөргө жаткырылып жатат. Бул… Кененирээк…

Аба-ырайы кескин өзгөрүлгөндүктөн, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Аба-ырайы кескин өзгөрүлгөндүктөн, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 10-13-февраль аралыгында жаан-чачынга байланыштуу, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолдорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана  Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.

Кыргызстан коронавируска шектүү анализдерди Лондондун лабораториясынан  текшертет

Кыргызстан коронавируска шектүү анализдерди Лондондун лабораториясынан  текшертет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.   Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү. Чек арадагы өткөрмө бекеттерде сырттан келгендер текшерилүүдө, карантиндик аймактар пайда болуп, убактылуу обсерваториялык жайлар… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган атайын реагенттер жеткирилет

Кыргызстанга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган атайын реагенттер жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тесттердин биринчи партиясы жакынкы арада Россия жана Кытайдан алынып келинет.   Белгилеп кетсем, учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Вирус катталган жок. Чек ара бекеттеринде, аэропорттордо тепловизорлор менен кызматкерлер иштеп жатат.… Кененирээк…

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, штаб коронавирустун жайылышына байланыштуу ачылды. Ал Кытайда жүргөн кыргызстандык жарандардан күнү-түнү телефон аркылуу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды кабыл алат.   Ошондой эле алардын жакындарына да маалымат берилет. Ведомстводон белгилешкендей, Кытайдан мекендештерди алып чыгуунун түрдүү мүмкүнчүлүктөрү караштырылып… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана жол инспекторлору унааларды текшерүүдө

Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана жол инспекторлору унааларды текшерүүдө. Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма жана Өтмөк ашууларынан өткөн машинелер токтотулуп, алардын кышкы шиналарга өтүшү жана тайгактыкка каршы шаймандардын болушу текшерилип жатат.   Белгилеп кетсек, учурда турукташып жаткан жылуу аба-ырайы алмашып, алдыңкы күндөрү өлкөнүн… Кененирээк…

Буга чейин шыбы урап кеткен №31 бала бакчанын имараты түрттүрүлбөйт

Буга чейин шыбы урап кеткен №31 бала бакчанын имараты түрттүрүлбөйт. Мэриядан билдиришкендей, мындай корутундуну сейсмология институтунан чыгарышты. Комиссиянын чечими менен бала бакча имаратынын конструкциясы бекемделип, капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.   Кайра калыбына келтирүү иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүнөт. Бөбөктөрдү мектепке чейинки билим берүү мекемеси ушул жылы… Кененирээк…

Россия ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине коронавирусту аныктоочу каражаттарды тапшырууда

Россия ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине коронавирусту аныктоочу каражаттарды тапшырууда. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматтан билдиришкендей, тест-системалар Армения, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстанга жеткирилди.   Жакынкы арада Кыргызстан жана Тажикстанга тапшырылат. Колдоо вирусту алдын алууга жана анын жайылышын алдын алуу максатында көрсөтүлүүдө. Эске салсак, Кытайда чыккан… Кененирээк…

Бишкек-Ош трассасында кар көчкүнү атайлап түшүрүү уланууда

Бишкек-Ош трассасында кар көчкүнү атайлап түшүрүү уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер жолдун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында жүргүзүлүп жатат.   Кар массаларын түшүрүү маалында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө. Белгилеп кетсек, иш-чара тоолуу трассаларда коопсуздукту камсыздоо максатында аткарылат.

Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга карата рейд жүрүүдө

Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу аталган шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Пландуу иштер 27-январдан тартып башталды. Натыйжада, 155 айдоочуга протокол толтурулуп, айып салынды. Алардын ичинде айдоочулук күбөлүк, унаанын техникалык паспорту жана мамлекеттик номурлары жок мыйзам бузуулары бар.… Кененирээк…