Нарын облусунун трассаларында муз тоңду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кеп Кубакы, Кызарт, Долон жана Кызыл-Бел ашуулары аркылуу өтүүчү жолдор тууралуу болуп жатат.
Жол кызматтары инерттүү материалдарды сээп жатат, бирок ошого карабай, айдоочуларга этият болуу жана ылдамдыкты жогорулатпоо сунушталат.