Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.   Мэриядан билдиришкендей, имарат 140 орунга чакталат. Анда оюн бөлмөлөрү, сактоочу жай, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залдары каралган.   Учурга карата объекттин темир-бетонндук каркасы тургузулуп, чатыр салынууда.

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматынан такташкандай, бүгүн салык органдары түнкү саат 12ге чейин иштейт.   Эске салсак, 1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат. Физикалык жактар отчетторун “жеке кабинет” аркылуу онлайн форматта же салык кызматына келип кагаз түрүндө тапшырса болот.… Кененирээк…

Бишкектин айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн

Бишкектин айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, кеп, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган жабдуу орнотпогон фирмалар тууралуу болуп жатат.   Мындай компаниялар ишин кайра бузууларды жойгондон кийин гана уланта алат.   Муниципалитеттен такташкандай, бардык курулуш аянттары өрт коопсуздугу системасы, дөңгөлөктөрдү жууганга эстакада менен камсыздалып,… Кененирээк…

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.   Долбоор ишке ашкандан кийин 4 миң 800 жумушчу… Кененирээк…

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштей баштайт

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, комплекстерди ремонттоо кышы бою жүргүзүлдү.   Бүгүнкү күндө суу өлчөгүч приборлор орнотулуп, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө.   Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан комплекси бар.

Таластагы «Чоң-Капка» бекети убактылуу жабылат

Таластагы «Чоң-Капка» бекети убактылуу жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы аталган өткөрмө жайы техникалык иштерге байланыштуу бүгүн күндүзгү саат 4төн кечки 7ге чейин жабык болот.   Жүргүнчүлөр жана айдоочулар сапарды алдын ала пландап алуусу зарыл.

Улуттук банк телефондук шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк телефондук шылуундардан сак болууга чакырат. Жарандарга чалып, банк кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке маалыматын жана карта реквизиттерин сурап чалгандар катталууда.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, Улуттук банк телефон аркылуу жарандардан мындай маалыматты сурабайт, эсеп ачпайт жана физикалык жактарды тейлебейт.

Нарын – Баетов унаа жолун оңдоо иштери башталды

Нарын – Баетов унаа жолун оңдоо иштери башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, калыбына келтирүү жумуштары трассанын                          8-13-чакырымында жүрүүдө.   Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы аткарып жатат.

Кыргызстандын аймагында бир жумада 269 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аныничинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269; авто унаанын терезелерин… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта  №216 автобус каттам ишке кирди

Бишкекте бүгүнтөн тарта  №216 автобус каттам ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат.   Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт. Мындай чара борбордун коомдук… Кененирээк…