Сирия менен Ирактан 517 бала Кыргызстанга кайтарылды

Сирия жана Ирактагы лагерлерден 517 өспүрүм жана бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкентте билдирди. Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы Фейсбукка жарыялады. Рысбекова Өзбекстандын борборунда Борбор Азияга кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча… Кененирээк…

Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында медициналык тез жардам көрсөтүү түйүнү ачылды

Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында медициналык тез жардам көрсөтүү түйүнү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, борбордун курулушу кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпысынан 38,5 миллион сом жумшалды.   Медициналык түйүндүн аянты 476 чарчы метрди түзүп, анда күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо бөлүмөрү бар.   Андан тышкары, УЗИ,… Кененирээк…

Баткен районунун Кара-Булак айылында сай тазаланууда

Баткен районунун Кара-Булак айылында сай тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сел өткөрүүчү сайды тазалоо иштерине атайын тартылып, учурда жумуштар аяктоо алдында турат.   Аталган тилкедеги тазалоо иштери жыйынтыкталса, Кара-Булак айылындагы 60 турак үй,  1 миң 500 метр ички чарбалык арык жана 2… Кененирээк…

Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга айып салынды

Бишкекте күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.   Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд Профсоюз көчөсүнүнүн Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинкит тилкесинде жүргүзүлүп, анда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткан 3 пункт аныкталды.   Мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө 9 миң сом айып салынды. Рейддер уланууда.

Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин жумушу токтотулду

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мопед, мотоцикл менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттердин ишин токтотту.   Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштардын алдын алуу жана… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү телеканалардын бирине маек берип жатып билдирди.   Маалыматка ылайык, тармактын кызматкерлери ушул айдан тарта 10-15%га жогору маяна алышат. Министр кошумчалагандай, айлык акы жылдан-жылга көбөйөт.

3,5 миңден ашуун кыргызстандык атайын декларация тапшырып, мүлкүн мыйзамдаштырды

3,5 миңден ашуун кыргызстандык атайын декларация тапшырып, мүлкүн мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, активдери 100 миллион сомдон ашкан 73 адам миллион сомдон бир жолку төлөм төлөштү.   Ведомстводон эске салышкандай, мүлктү ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу… Кененирээк…

“Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы долбоордун алкагында чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилерин эске салды.   Быйыл 23 миң үй-бүлө программага катыша алат. Акчаны социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин ысыгы 20 жылдык рекордду жаңыртышы мүмкүн

Бүгүн Бишкектин ысыгы 20 жылдык рекордду жаңыртышы мүмкүн. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.   Алардын маалыматына караганда, шаарда абанын температурасы климаттык нормадан 10-12 градуска жогору болуп, түшкө маал 33…34 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул метеорологиялык байкоолордун бүткүл тарыхындагы абсолюттук максимумга жакын.   Эске салсак, ордо калаада… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №227 автобус каттай баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №227 автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.   Автобус “Ак-Ордо” конушунан Көк-Жар конушуна чейин каттайт. Бул линияда 20 автобус бар, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.