«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, туннелдин сметалык баасы 250 миллион долларды түзөт. Туннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт, учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда», — деди Бердалиев. Маалым болгондой, альтернативдик туннель… Кененирээк…

«Сосновка» постунда 200 кишиге ылайыкталган жылынуу түйүнү ачылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош жолунда кышкысын айдоочулар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн айтып берди. Кеп автотыгындарга жана өзгөчө кыдаалдарга (кар көчкү, таштын кулашы сыяктуу) даярдык тууралуу болуп жатат. «Сосновка» постунда 200 кишиге ылайыкталган жылынуу пункту ачылды. Ал жерде айдоочулар менен жүргүнчүлөргө тамак-аш берилет. Кара-Балта… Кененирээк…

Ысык-Көлдө шакекче жолду оңдоого Араб фонду 128 миллион доллар бөлүп берет

Ысык-Көлдө шакекче жолду оңдоого Араб фонду 128 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Белгилеп кетсек, долбоордун алкагында Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки  104-184-чакырымдарды камтыган тилке  калыбына келтирилет.   Каражат 2,5 үстөк пайызы менен 25 жылга… Кененирээк…

Коопсуз шаар” долбоору боюнча 500 миллион сомго жакын каражат чогултулду

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча 500 миллион сомго жакын каражат чогултулду. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, аталган долбоордо ушул айга чейин 850 миң жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталды. Ошондой эле Жунушалиев, азыркы учурда 306 аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу боюнча иш жүрүп жаткандыгын,… Кененирээк…

«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы ачылды

«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы ачылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган поезд катамы декабрдан тартып ишке кирди. Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле, Сибирь аймагын камсыз кылган ири кийим-кече базары жайгашкан. Бул биздин өлкөнүн жарандарына пайда алып келет. Жаңы… Кененирээк…

Төө-Ашууда 2 камера иштеп баштады

Төө-Ашууда 2 камера иштеп баштады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Көлбаев атындагы туннелдин кире беришинде жана анын чыгышында бирден орнотулган 2 даана камера иштеп баштады. Учурда видео elcat.kg/translation/ сайты аркылуу онлайн көрсөтүлүп жатат. Аталган тилкеге кошумча жабдууларды алуу жана орнотуу үчүн тендер жарыяланды.