Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу уланууда

Чолпон-Ата айланма унаа жолунун курулушу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу   15,5 чакырымды түзүп, 4 тилкелүү болуп курулууда.   Курулушта 123 атайын техника жана жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Долбоор боюнча 45 суу өткөрүүчү түтүк каралган. Ал эми көпүрөдө тирөөчтөрдүн астын казуу иштери… Кененирээк…

Бишкекте Юнусалиев көчөсү быйыл түндүктү көздөй узартылат

Бишкекте Юнусалиев көчөсү быйыл түндүктү көздөй узартылат.   Бул тууралуу вице-мэри Рамиз Алиев парламентте билдирди. Анын айтымында, УКМК Горький көчөсүндө талаш болуп жаткан жер маселесин чечип берген.   Алгач жол Кулатов көчөсүнө чейин узартылат, аны быйыл бүтүрүү пландалууда. Учурда Юнусалиев көчөсү Горькийге барып такалат.

Бишкекте 28-майдан тарта жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Бишкекте 28-майдан тарта жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Чара августтун аягына чейин күчүндө болуп, ысык аба-ырайында жол катмарын коргоого багытталган.   Чектөөлөр аба табы 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Өзгөчө көзөмөл жаңы оңдолгон көчөлөрдө жүргүзүлөт. Милиция жана муниципалитет кызматкерлери тыюунун аткарылышына рейд өткөрөт. Зарыл… Кененирээк…

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери башталды

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. 14 көпүрөнүн жана 2 жер алдындагы өтмөктүн… Кененирээк…

Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт

Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев эл менен жолугушууда айтты.   Анын маалыматына караганда, каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнөт. Бул айылдын жол инфраструктурасын жакшыртып, тургундардын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болот, — деди чиновник.

Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат

Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда аталган жол тилкесинде жер жумуштары жүрүүдө. Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилет.

Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгына асфальт төшөлөт

Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Учурда аталган тилкеде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Жакын арада жаңы асфальт-бетон катмарын төшөө башталат.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, пункттар жолдун 107-, 261- жана  358-чакырымдарында жайгашат. Аталган түйүндөр авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө… Кененирээк…

Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон жана Кубакы ашууларында кар жаап жатат

Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон жана Кубакы ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жетти.   Учурда жол тейлөө кызматтары жолдорду кардан тазалап, кум-туз аралашмасы себилүүдө. Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө киргизилген жок. Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бүгүнтөн тарта 5-майга чейин убактылуу жабылат

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бүгүнтөн тарта 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 9дан 4кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Унаа жолу жабылган учурда… Кененирээк…