Балыкчы — Барскоон жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт

Балыкчы — Барскоон жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

 

Маалыматка ылайык, курулушту эки жеке компания менен “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.

 

Андан тышкары, учурда Барскоон — Каракол жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Балыкчы — Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуш аяктагандан кийин ал төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.