Бишкекте 3 көчөнү узартуу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү уланууда

Бишкекте 3 көчөнү узартуу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Фучик, Бакаев жана Сүйүнбаев көчөлөрү эми Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бириктирет.

 

Бул үчүн алар Лев Толстойго темир жол аркылуу чыгарылат. Муну менен алар 7-апрель, Абдрахманов көчөлөрүнө жана Айтматов проспектисине альтернативалык вариант болот.