Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу унаа кыймылына ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, трассанын 50-80-чакырымдары өткөн жылдын ноябрь айында аба-ырайынын катаал шарттарынан улам жабылган болчу.
Кар күрткүлөрүн жана көчкүлөрдү тазалагандан кийин, унаа жолу 1-апрелде кыймылга ачылды.