Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассанын 259-261-чакырым аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап, жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты. Жеринде жол тейлөө кызматкерлери жана атайын техника иштеп, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.