Өлкөдө эттин баасы инфляция жана спекуляцияларга байланыштуу

Өлкөдө эттин баасы инфляция жана спекуляцияларга байланыштуу. Жеткирүүчүлөр жана сатуучулар жасалма ажиотаж жаратууда, — деп билдирди Айыл-чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков.

 

Ал белгилегендей, эт коңшу Өзбекстанга сатылып, биздин өлкөдө азыктын жетишсиздиги катталууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Эске салсак, өткөн жумада эттин баасы дароо 50 сомго кымбаттап кеткен.

 

Учурда бир килограммынын орточо наркы 520 сомго барабар.