Австралияда туристтер адаттан тыш көрүнүшкө күбө болушту

Австралияда туристтер адаттан тыш көрүнүшкө күбө болушту. Порт-Кэмпбелл жаратылыш паркында жерге тартылуу күчү иштебей калгандай. Эс алуучулар анда шаркыратмадагы суу жерге түшпөй эле, тескерисинче асманга сапырылып көтөрүлгөнүн көрүштү.

 

Бул жаратылыш кубулушу “тескери шаркыратма” деп аталат. Ал өтө сейрек кездешип, катуу шамалга байланыштуу.