Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, күндүзгү саат 2ден тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

 

Чектөө Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешине байланыштуу киргизилүүдө. Оюн 2026-жылы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш кечки саат 8де башталат.