Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун айланасына эми тор тосмолор орнотулат

Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун айланасына эми тор тосмолор орнотулат.

 

Президент администрациясынан билдиришкендей, катуу шамалга дубал туруштук бере албагандыктан, тор тосмолорду орнотуу чечими кабыл алынды.

 

Эске салсак, 17-февралга караган түнү аэропорттун дубалынын бир бөлүгү кулап калган. 2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалдан улам кулаган. Анда дубалды аткаруучу компания өз каражатына кайра калыбына келтирген.