Жеке менчик медициналык мекемелер текшерилет

Кыргызстандагы жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгону 20-февралда расмий кабарланды.

 

Жумушчу топ өлкө аймагында текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Президенттик администрацияга тиешелүү сунуштарды киргизет.

 

Былтыр августта Cаламаттык сактоо министрлиги жеке менчик клиникаларга жана дарыгерлерге лицензия берүүнүн жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштаган.

2022-жылы майда министрлик лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын, мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганын кабарлаган.