Ташиев: Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4 миң 485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 19 миң гектардан ашуун жер алынат.

Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында билдирди.

Анын айтымында, муну менен Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет.

Ташиев ошондой эле Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын билдирди.

Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери боюнча маселе учурда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат.