Кыргызстан келишим боюнча Казакстан менен Өзбекстанга электр кубатын берүүдө

Кыргызстан келишим боюнча Казакстан менен Өзбекстанга электр кубатын берүүдө.

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда, муну менен өлкө кышында алган электр энергиясын кайтарып жатат.

Ошол эле маалда өлкөнүн ичиндеги керектөөчүлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилген жок.

Маалым болгондой, өткөн күз-кыш мезгилинде Өзбекстан Кыргызстанга 500 миллион киловатт-сааттан ашык, Казакстан 440 миллион киловатт-саат электр энергиясын берген.

Бул кыштан авариясыз чыгууга шарт түздү, — деп айтылат маалыматта.