Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдиргендей, бюджеттен бул максатта   34 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.

 

Ошондой эле, жабыркагандарга ай сайын жөлөк пул берүү маселеси чечилип жатат. Жөлөк пул 3 миң 700 сомду түзүшү мүмкүн.