Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 63 млн сомдон ашык чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 63 миллион сомдон ашык чогултту.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.