Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 22-ноябрда жарыялап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 81%дан көбүрөөк добуш менен жеңип чыкканы маалымдалды.
Эл аралык байкоочулар Токаевди «атаандашсыз утканын» айтып жатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда өтө турганын маалымдады.
Жекшембидеги шайлоого катышкан жарандардын 5,8% «баарына каршы» добуш беришкен.
Ага азыркы президенттен тышкары коомчулукка көп тааныш эмес дагы беш талапкер катышты.
Алардын ар бири 2-3% тегерегинде добуш топтоду.