Түркмөнстанда аялдардын айдоочулук күбөлүгү алына баштады

Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында Жол көзөмөл полициясы аял айдоочуларга карата текшерүүлөрүн күчөттү.

Жол коопсуздугун камсыздоочу инспекторлор автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, ар кандай шылтоолор менен алардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып жатат.

Балкан облусундагы бир нече аял айдоочулар “Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүү негизде кайрылып, алардын машинелери айып короосуна коюлуп жатканын маалымдашты.

Аялдардын тобу Түркмөнбашы шаарынын администрациясынын жетекчилигине даттанышкан учурда, андагы аткаминерлер “аялдарга автоунаа айдоонун зарылчылыгы жок экенин” айтышкан.

Түркмөнстандын Конституциясында “аялдар менен эркектер бирдей укукка ээ экени” жазылган.

Иш жүзүндө өлкөдө бир нече жылдан бери аялдардын укуктары, анын ичинде автоунаа айдоо укугу бузулуп келет.