Токтогул ГЭСинде модернизациялоонун алкагында №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Станциядагы бардык жумуштар калкты күзгү-кышкы мезгилде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен касыздоо үчүн жасалып жатат.
Реконструкция иштери ийгиликтүү жыйынтыкталгандан кийин жана №1 гидроагрегат ишке киргенден кийин Токтогулдун кубаттуулугу 60 мегаваттка жогорулайт, ал эми колдонуу мөөнөтү 30 жылга көбөйөт.