Кыргызстанда кышында электр энергиясы менен маселелер жаралбайт

Кыргызстанда кышында электр энергиясы менен маселелер жаралбайт. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, күзгү-кышкы сезонго даярдык маселеси өкмөттүн көзөмөлүндө.

 

Учурга карата өлкөгө көмүр жана мазут жеткирүү боюнча тендерлер өткөрүлүп жатат. Учурда Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү аз болгонуна карабай, кышында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт, — деди премьер.