Быйыл кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт.
Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, жылытуу мезгилинде калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 миллиард 200 миллион киловатт-саатты түзөт.
Коңшу мамлекеттер менен бийлик 2,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө ниеттенүүдө.
Калганы мамлекеттин ичинде өндүрүлөт.