Ордо калаада болуп өткөн шамал абаны тазалады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
3чү жана 4-декабрда Бишкекте ар кандай бийиктикте шамал болду.
Анын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетти.
Мындай аба-ырайы абадагы зыяндуу заттардын айдалуусуна шарт түздү.
Акыркы 3 күндө абанын булганышы 1 кубометрге 440 микрограммды түзүп келсе,
ал эми бүгүн бул көрсөткүч 13 микрограмм деп катталып булгануу 34 эсе азайды.