Кыргызстан Казакстандан 500 миллион кВт-саат электр энергиясын сатып алат. Тиешелүү протоколго биздин өлкөнүн Энергетика, өнөр-жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жана Казакстандын вице-премьер-министри Нрлан Нысанбаев кол коюшту.
Ага ылайык, Кыргызстан сентябрдан жылдын аягына чейин коңшу өлкөдөн электр энергияны 1 кВт-саатын 2,4 центтен сатып алат.
Жалпы суммасы 12 миллион долларды түзөт. Бул Токтогул суу сактагычындагы сууну рационалдуу пайдалануу максатында жыл сайын жүргүзүлүп келет.