Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруттук таксилерде жол кире акысы бирдей болот

Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруттук таксилерде жол кире акысы бирдей болот. 24 агенттигине вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдиргендей, 20 сомдук тариф орнотуу пландалууда.

 

Буга чейин маршруткаларда ыңгайлуу шарттар болгондуктан, аларда жол кире кымбатыраак болушу керек деген түшүнүк бар болчу.

 

Бирок иш жүзүндө автобус, троллейбустар жаңыртылып, ал эми маршруттук таксилерде өзгөрүү болбогонун эске алып, бирдиктүү тариф орнотуу чечими кабыл алынды, — деди чиновник. Эске салсак, учурда автобус-троллейбустарда жол кире 11 сомду, ал эми маршруткаларда 15 сомду түзөт.