Кыргызстанда 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Айдоочулар Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында этият болушу керек.
Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.