Быйыл Кыргызстанда жаңы жети үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды

Быйыл Кыргызстанда жаңы жети үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, каттамдар Кытайдын Сиань, Чэнду шаарларына, Абу-Даби, Сеулга, Анкара, Баку жана Жиддага аткарылууда.

 

Бүгүнкү күндө «Манас» аба майданынын маршруттук тармагы 40 багытты камтыйт. Анын ичинен 36сы эл аралык болсо, төртөө ички каттамдар.