Резидент эмес компаниялар бюджетке 100 млн сомдон ашык каражат которду

Жыл башынан бери Кыргызстандын бюджетине резидент эмес компаниялар тарабынан 100 миллион сомдон ашык каражат которулду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, кеп санариптик кызматтарды көрсөткөн жана “Google салыгын” төлөгөн чет элдик IT-компаниялар жөнүндө болуп жатат.

Эске салсак, Кыргызстанда ушул жылдын 1-январынан тарта электрондук коммерция тармагындагы иш-аракеттерге пошлина киргизилген.

КНСтин ставкасы сатылган кызматтардын суммасынын 12 пайызын түзөт.