Ички иштер министрлиги чет элдик номерлер менен унааларды жазага тартуу ыкмасын ойлоп тапты

Ички иштер министрлиги чет элдик номерлер менен унааларды жазага тартуу ыкмасын ойлоп тапты.

 

Белгилеп кетсек, “Коопсуз шаар” камералары алардын бузууларын каттаганы менен, унаа ээлеринин маалыматы базада жок болгондуктан, аларды жоопко тартуу мүмкүн эмес. 300 миңден ашык мындай фактыны жоюуга туура келди.

 

Андан улам, ведомство чет элдик номери менен унаа 10дон ашык ол эрежесин бузса, ага кагаз түрүндө протокол түзүп, айдоочунун колуна тапшыруу каралууда. Бул үчүн мыйзам чегинде атайын актыларды киргизүү керек болот.