Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрүү түйүнү ишин жандандырды. Тиешелүү макулдашуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери ортосунда жетишилди.
Ага ылайык, аталган түйүндөн эми жүк ташуучу унаалар санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлөт.