Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга чейин жогорулатты.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди жана дүйнөлүк экономикадагы учурдагы тенденцияларды эске алуу менен өлкөдөгү инфляциялык процесстерди төмөндөтүү максатында, баалардын кескин өсүшүн токтотуу үчүн кабыл алынды.

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда Россияга киргизилген санкциялардан улам валюталардын куну өзгөрүүдө.