Улуттук банк кайрадан интервеция өткөрдү

Улуттук банк кайрадан интервеция өткөрдү. Бул ирет дүйнөлүк валюта рыногуна 10 миллион 300 миң доллар чыгарылды. Бул декабрь айындагы экинчи интервенция, 1-декабрда 5 миллион доллар сатылган.

 

Валюта серпилүүсүнөн улам, өлкөнүн башкы каржы көзөмөл мекемеси ноябрь айында 11 жолу, жыл башынан бери жыйырмадан ашык интервенция жасады.

 

2020-жылы жалпы сатылган сумма жарым миллиард долларга жакындады. Бирок интервенциялар натыйжа бере элек.