Улуттук банк доллардын курсун текшилөө үчүн дээрлик жарым млрд доллар сарптады

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун текшилөө үчүн дээрлик жарым миллиард доллар сарптады.

 

Жыл башынан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси ички рынокто америкалык валютаны сатуу боюнча 10 интервенция жүргүзгөн.

 

Январдан августка чейин доллардын сомго расмий курсу 2,4%га жогорулап, бүгүнкү күндө 1 доллар 87 cом 77 тыйынды түздү. Муну Улуттук банк алгылыктуу динамика деп эсептейт.