Компенсациялык  төлөмдөр 608 медицина кызматкерине берилди

Компенсациялык  төлөмдөр 608 медицина кызматкерине берилди. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, ар бирине 200 миң сомго чейин төлөндү. Андан тышкары, 30 каза тапкан медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилген. Учурга карата дагы 148 дарыгерге компенсация берүү үчүн документтер даярдалып жатат, — деди Акматова.