Улуу Британияда теле алып аруучу Дэвид Аттенборо инстаграмга аз убакыт аралыгында эң көп катталуучу топтоп рекорд койду.
94 жаштагы Аттенборонун баракчасына 4 саатта эле 1 миллион адам жазылды. Буга чейинки рекорд актриса Дженнифер Энистонго таандык болгон. Ал 1 миллион катталуучуну 5 саат 16 мүнөттө чогулткан. Ошондой эле, рекордчулардын арасында футболчу Дэвид Бекхэм жана Рим Папасы да бар.