Улуу Британияда ымыкайлар арасында Мухаммед дагы эле эң популярдуу ысым

Улуу Британияда жаңы төрөлгөн эркек балдар үчүн мурунку үч жылдагыдай эле эң популярдуу ысым Мухаммед.

Кыздардын атына келсек, 7 жылдык лидерликтен кийин Оливия деген ысым позициясын жоготту.

Быйыл кыздардын эң популярдуу ысымы Лили болду.

Британиялыктар ошондой эле балдарына Джонни жана Эмбер деген ысымдарды аз ыйгарып калышты.

Мунун себебин Депп менен Херддин ортосундагы резонанстуу соттук териштирүүлөр менен байланыштырышууда.