“Унаа” мекемесинин бөлүмдөрүндө металл издегичтер орнотулду

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө металл издегичтер орнотулду.

Мекемеден белгилешкендей, арка сымал жана кол менен металл издегичтер менен 1-этапта Бишкек шаардык бөлүмүнүн жана курсанттардын агымы көп болгон 4 башка бөлүмдүн сынак тапшыруу класстары жабдылды.

 

Келечекте башка бөлүмдөр да металл издегичтер менен жабдылат.

 

Металл издегичтер квалификациялык экзамендерди тапшыруу процессин жакшыртуу, ошондой эле сынак тапшыруу учурунда уюлдук телефондорду жана башка атайын каражаттарды мыйзамсыз колдонунун алдын алуу максатында орнотулду.

 

Белгилей кетсек, алты айда «Унаа» мекемесинин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери теориялык сынак тапшыруу учурунда уюлдук телефондорду жана башка атайын каражаттарды мыйзамсыз колдонгон 24 фактыны аныкташкан. Сынакты ийгиликтүү тапшыруу үчүн курсанттар уюлдук телефондорду, мини камераларды, кулакчындарды колдонушкан.

 

24 факты боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.