Кыргызстанды эс алуу үчүн тандаган россиялыктардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанды эс алуу үчүн тандаган россиялыктардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу URA.RU жазды.

 

Россиялык туристтерди Кыргызстандын визасыз режими, кооз жаратылышы, ыңгайлуу климаты, орус тилинин кеңири таралышы, жергиликтүү калктын меймандостугу өзүнө тартып жатканы белгиленген.

 

Андан тышкары, Кыргызстанга барган турист сөзсүз түрдө Ысык-Көлдү көрө кетиши керектиги жазылган. Эс алуу жайларындагы, санаторийлердеги баанын жеткиликтүүлүгү, рубль менен сомдун курсу дээрлик бирдей экени белгиленет.