Бишкектеги жер алдынан өтүүчү өтмөктөр жарыктандырылды

Бишкектеги жер алдынан өтүүчү өтмөктөр жарыктандырылды.

Мэриядан билдиришкендей, Ибраимов, Байтик Баатыр, Лев Толстой,

Саманчин жана Аалы Токомбаев тилкелериндеги жер алдындагы

өтмөктөр эми жарык болуп калды. Аларга жалпысынан 85 жол чырак

орнотулду. Ошондой эле 1 чакырымдан ашык электр линиялары

алмаштырылды. Кошумчаласак, ушул жылы дагы 4 көчөнүн

кесилишиндеги жер алдынан өтүүчү өтмөктөргө жарык орнотулат.