Унаа жана жолдор министрлиги кадимки режимде иштеп жатат

Унаа жана жолдор министрлиги кадимки режимде иштеп жатат. Ведомствонун маалыматына ылайык, бардык түзүмдөрдүн кызматкерлери өз милдеттерин аткарууда.

 

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы магистралдары кыймылга ачык. Жол кызматтары трассалардагы абалды көзөмөлдөп жатат. Кар жаагандан кийин жолдордогу тайгалакты алдын алуу үчүн интертүү материалдар даярдалды.