Унаа жана жолдор министрлигине жол курууга керектүү техникалар тапшырылды. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 265 даана техника мамлекеттин эсебинен сатылып алынды.
Аны алууга жалпысынан 5 миллиард сом бөлүнгөн жана 2026-жылга чейин баш-аягы 700 техника алынат.
Эске салсак, өткөн айда аталган министрликке 80ден ашык жаңы техника тапшырылган.