Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп пайда болот. Мамкурулуштан билдиришкендей, объекттин курулушу Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында жүрүп жатат.
Имарат 225 орунга ылайыкталган. Учурда иштер 70 пайызга аткарылды.
Мектепти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.