Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан эки түйүн аныкталды

Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан эки түйүн аныкталды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз сатуу түйүндөрү Селекция айылында жана Калинин көчөсүндө жайгашкан.

Текшерүүнүн алкагында 840 литр бензин дана 50 литр дизелдик отун аныкталды.

Аталган фактылар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,

сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.