Нарын облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Нарын облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

Ал белгилегендей, медициналык мекемелер убактылуу ишин токтотту. Эгерде вирустун

экинчи толкуну баштаса стационарлар бейтаптарды кабыл алууга даяр. Белгилеп кетсек,

Нарын облусунда 152 объектиде жардам көрсөтүүчү медициналык мекемелер иш алып барды.

Аларды жалпысынан 1,5 миң орун даярдалган. Аларга 38 миң 201 адам кайрылып,

4 миң 427 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланып чыкты.