Бишкектин 23 көчө кесилишине жол чырак орнотулду

Бишкектин 23 көчө кесилишине жол чырак орнотулду.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жол кыймылын

көзөмөлдөөчү жабдуунун 18и унаалар үчүн болсо, бешөө

жөө жүрүүчүлөр үчүн. Ошондой эле кийинки жылы ордо калаа

көчөлөрүндө унаалар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн 43 жол чырак

орнотулат. Жабдуулар мектептин, бала бакчанын жана

калктуу конуштардын жанына жакын тилкелерде пайда болот.