Түп районунда бир айыл толугу менен изоляцияга жабылды

Түп районунда бир айыл толугу менен изоляцияга жабылды. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү ыкчам штабдын чечими менен Ысык-Көл айылы жабылды. Ал жерде үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынды.

 

Штабдын маалыматына караганда, алар чет өлкөлөрдөн кайтып келген жана үй карантининин шарттарын бузган. Белгилеп кетсек, Ысык-Көл облусунда 2  адамда коронавирус тастыкталды.